Бишкек шаарынын башкы архитектору Урмат Карыбаев БААУнун шаарларды изилдөө боюнча профессору Эмил Насритдинов менен бирге Бишкекте жөө жүргүнчүлөр үчүн жайларды уюштуруу боюнча бир нече жаңы долбоорлорду талкуулашты.
Ведомстводон билдиришкендей, Ала-Арча дарыясынын жээгинин аймагына сейил бак зонасын түзүү сунушталууда.
Долбоордук жана композициялык схеманын долбооруна ылайык, пландалган аянтчага амфитеатр, коомдук арт, воркаут зонасы, балдар аянтчасы, ошондой эле негизги жөө жүрүү аянтчасы жана дарыяга түшүүнү уюштуруу каралат.
Ошондой эле Бишкектин башкы архитектору Бишкектин түштүк бөлүгүн жашылдандыруу жана жөө жүргүнчүлөр үчүн мейкиндикти түзүү боюнча пландын долбоорун талкуулады.
Урмат Карыбаев профессорго Курулуш министрлигинин Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын алдындагы «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемеси мындай долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн уруксат кагаздарын даярдоодо колдоо көрсөтөөрүн айтты.
