Воскресенье, 24 ноября

АКШлык окмуштуулар инсульт менен инфакрктын себебин аныктады

0

Окмуштуулар он жыл аралыгында 1,3 миллион адамдын кан басымын көзөмөлдөп турган. Алардын изилдѳѳлѳрүнүн жыйынтыгында кан басымдын өтө жогорулап, максималдык көрсөткүчкө чыгышы же,тескерисинче, түшүп кетиши адамдын жакында инсультка кабыларынан же жүрөгүнүн токтоп каларынан кабар берери аныкталды. Бир нече жылга созулган изилдөөлөрдөн кийин АКШлык окумуштуулар мындай бүтүмгө келгенин EurekAlertбасылмасы жазды.

Адистер 2007-2016-жылдар аралыгында 1,3 миллион кишинин кан басымын көзөмөлдөп турган.

«Жыйынтыгында өтө жогорулап кеткен  жана түшүп кеткен учурлар кан айлануу системасынын ишин олуттуу үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн экени аныкталды», — деп жазылат макалада.

Адистердин тыянагында, көтөрүлүп кеткен кан басым организмге көбүрөөк терс таасир этип, адамды бушайман кылат. Бирок инфаркт жана инсульт илдеттеринин пайда болушуна төмөндөгөн кан басымы дагы себеп болору айтылды. 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз