Четверг, 25 апреля

Нур-Султанда Сирия тууралуу боло турган сүйлѳшүлѳргѳ АКШ катышпасын жарыялады

0

АКШнын мамлекеттик департаменти Астананын «ар кандай түрдѳ» форматындагы иш чарага катышпай турганын баса белгиледи. Америка Кошмо Штаттары Сирия маселелрин жөнгө салуу үчүн негизги аянтча  БУУ деп эсептейт. 

Мамлекеттик департаментинин ѳкүлү жума күнү билдиргендей Астананын «ар кандай түрдѳ» форматындагы иш чарага катышпай турганын баса белгиледи. Иш чара август айынын башында пландалган.  

 “Америка Кошмо Штаттары Бириккен улуттар уюмунун бир гана  БУУнун Сириядагы саясий прогресс үчүн аянтча экендигин баса белгиледи. Астанада топтордун катышуушунда  ѳтүлүүчү сүйлѳшүүлѳрү Женева менен алмаштыруу мүмкүн эмес. Ошондуктан АКШ иш чарага катышпайт. Женевалык жараян гана Сириядагы жараяндарга жалгыз ишеним туудурган, мыйзамдуу жана эл аралык таанылган  формат», — АКШ Мамлекеттик департаментинин өкүлү билдирди.

“Астана жараяны зордук-зомбулукту алдын алуу үчүн, же тынчтык жолуна олуттуу ийгилик жасай албаган нерсе», — деп баса белгиледи ал. 

АКШ Мамлекеттик департаменти баардык мүмкүн болгон жолдорду карап чеүү аракетине бүт күчүн жумшаганын Россия менен иш алып барганын айтат.

Астаналык жараян РФ, Түркия жана Ирандын демилгеси менен биринчи жолу үстүбүздѳгү жылдын март айында болгон. Астана азыр Нур-Султан болуп ѳзгѳргѳн. Бирок жолугушуунун аталышы ѳзгѳргѳн жок. Иш чарага сириянын ѳкмѳтү жана оппозициялык күчтѳр, куралдуу күчтѳрдүн топтору, Башар Асад режими бюонча сүйлѳшүүгѳ даяр. Андан тышкары  РФ, Түркия жана Иран мамлекетинин ѳкүлдѳрү катышат. Кѳзѳмѳлдѳѳчү болуп БУУ жана Иордания катышса, АКШ 2018 жылы катышуудан баш тарткан.

Казакстандын ТИМдин билдиргендей 1-2 августа Сирия маселелери боюнча 13-Эл аралык жолгушуу жогорку деңгээлде ѳткѳрѳт. Кѳзѳмѳлдѳѳчү болуп, Ливан жана Ирак катышат. 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз