Иракта түркмөндөр жыш жашаган Керкүктөн кийин Салахаддин шаарында да расмий кат алышууда түрк тили үчүнчү тил катары кабыл алынды.
Расмий тилдерге түрк тилин кошуу менен шаар жетекчилиги аймактагы маданий-тарыхый байланыштарды чыңдоого кадам таштады.
Калкы бир миллиондон ашкан шаардагы мамлекеттик мекемелерде түрк тилинин колдонулушу боюнча Салахаддин губернаторлугу көрсөтмө берди.
Ушундайча Салахаддин губернаторлугу конституциялык милдет болгон түрк тилин колдонууну көптөгөн жылдардан кийин расмий түрдө ишке ашырды.
Айрыкча түркмөн калкы жыш жашаган аймактарда бул чечим кубануу менен кабыл алынды.
Ирактын Конституциясы; Керкүк, Мосул, Эрбил, Салахаддин жана Сулайманияда расмий тил катары түрк тилин колдонууну талап кылат.
Бирок бул чечим ушул кезге чейин Керкүктө гана ишке ашырылган.
