Суббота, 18 апреля

Хамас менен Израил дагы туткундарды алмашат

0

Хамас менен Израилдин ортосундагы туткундарды алмашуунун алтынчы айлампасында 369 палестиналык туткун бошотулуп, анын ордуна үч израилдик туткун бошотулат.

Хамас алмашуунун алкагында жалпысынан 369 палестиналык туткун бошотуларын билдирди.

Израилдин түрмөлөрүндөгү өмүр бою эркинен ажыратылган 36 палестиналык туткундун, ошондой эле 2023-жылдын 7-октябрынан кийин Газа тилкесинде кармалган 333 палестиналыктын Хамаска өткөрүлүп берилиүүсү күтүлүүдө.

Бул арада Хамас Израил менен 15-февралдагы ок атышпоо келишиминин алкагында бошотула турган үч израилдик туткундун ысымдарын жарыялады.

Израилдин премьер-министринин кеңсеси Хамас тарабынан 15-февралда бошотулушу күтүлгөн үч туткундун ысымдары Катар жана Египеттеги ортомчулар аркылуу Тель-Авив администрациясына берилгенин билдирди.

Буга чейин, 10-февралда Хамастын аскерий канаты Изз ад-Дин ал-Кассам бригадасынын басма сөз катчысы Абу Убайда 15-февралда болушу керек болгон туткундарды алмашуу Израил ок атышпоо келишиминдеги милдеттенмелерин аткарбаган деген жүйө менен токтотулганын билдирген.

Хамас, алмашууну токтотуу чечиминин туткундарды алмаштыруу күнүнөн беш күн мурда жарыяланганын, бул ортомчу өлкөлөргө келишимдин шарттарын аткаруу үчүн Израилге кысым көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн бергенин белгиледи.

«Эгер Хамас ишемби күнү түшкө чейин биздин туткундарды бошотпосо, ок атышпоо токтойт жана Израил катуу салгылашууга кайтып келет жана Хамас акыры жеңилгенге чейин уланат», — деп убада кылды Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өз кезегинде.

Бир күн мурда Хамас туткундарды алмашуу келишимин ишке ашырууну уланта турганын жарыялаган.

Туткундарды алмашуунун алгачкы беш айлампасында Израилдин түрмөлөрүндөгү 766 палестиналык туткун, ошондой эле Газа тилкесиндеги 16 израилдик жана 5 таиланддык туткун бошотулду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз