АКШ космонавттарды Айга жөнөтүп, ал жакта бир нече убакытка калтырууну ойлонуп жатат. Бул тууралуу CBS телеканалы вице-президент Майк Пенске таянуу менен билдирди.
Вице-президент Майк Пенс Трамптын администрациясы НАСАнын «Артемида» программасын толугу менен колдой турганын белгиледи.
АКШ бийлиги эксперимент үчүн космонавттарды Айда калтырууну пландадоо.
Пенстин айтымында, АКШ бийлиги космонавттарды 2024-жылга чейин жөнөтмөкчү.
«Бул жолкусу жөн эле сапар болбойт, биз ал жакта калууну пландап жатабыз. Расмий Вашингтон бул нерсени жүз пайыз колдойт. Алынган тажрыйбалар кишилерди Айга жөнөтүүдө чоң жардамын берет. Ошол эле учурда Марс планетасын багындыруу үчүн жаңы технологияларды ойлоп таап, ишке ашыруу керек. Мындай мүмкүнчүлүктү жана тажрыйбаны биз Айдан гана ала алабыз», — деди Пенс.
Кошумчалай кетсек, биринчи жолу Айга учкан америкалык «Апполон-11» космостук изилдѳѳ корабли болгон. Ал 1969-жылдын 16 –июлдан 24-июлга чейин Эдвин Олдрин жана Нил Армстронг кораблды башкарган.
Ал эми ачык космоско совет космонавтары 1965-жылы 18-мартта Алексей Леонов менен Павел Беляев «Восход-2» кораблы менен жол ачкан.