Понедельник, 25 ноября

Политолог Аслан Рубаевдин маалыматы жалган болду

0

Жакында политолог Аслан Рубаев Түркмѳнстандын президети Гурбангулы Бердымухамедов каза болгону тууралуу жазган. Ал белгизис булактарга таянуу менен маалымааты жарыялаган. Себебин, ѳлкѳ башчынын он күндѳн ашык убакытта эл алдына чыкпай калганына таянган. 

Айрым ЖМКлар бул маалыматка таянуу менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов каза болгонун жазышкан.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун өлүмү тууралуу туура эмес кабар тараткан Евразия көйгөйлөрү мониторинг борборунун директору Аслан Рубаев кечирим сурады. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди.

Рубаев «Говорит Москва» радиосуна берген түшүндүрмөсүндө Бердымухамедов эс алуу учурунда каза тапканын айткан. Ал мындай маалыматты атайын кызматтардагы ишенимдүү булактардан өлкөнүн ишкерлери алганын билдирген.

Айрым ЖМКлар Рубаевге таянуу менен Бердымухамедов каза болгонун жазышкан.

Кийин саясат таануучу кабар тастыкталбаганын маалымдаган.

«Президенттин туугандарынан жана жакындарынан, ошондой эле Түркмөнстан калкынан кечирим сурайм», — деп Рубаев Facebook баракчасына жазган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз