Воскресенье, 19 апреля

USAID программалары 83 пайызга азаят

0

АКШ USAID`дин программаларынын 83 пайызын жабат.

РИА Новости кабарлагандай, АКШ алты жума бою кайра каралып чыккан Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиктин (USAID) программаларынын 83%ын расмий түрдө жапмай болду. Алар ондогон миллиард долларларды АКШнын кызыкчылыктарына жооп бербеген максаттарга коротушканын Американын мамлекеттик катчысы Марко Рубио X социалдык тармагындагы баракчасына жазды.

«Биз алты жума ичинде USAID`дин программаларын карап чыгып, расмий түрдө 83%ын жапмай болдук. Ошол программалар боюнча жабылганы жаткан 5,2 миң келишимге ондогон миллиард долларлар сарпталган», — деди Рубио.

Ал белгилегендей, калган миңдей программа мамдепартамент тарабынан көзөмөлдөнүп, эффективдүү жүзөгө ашырылышы керек.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз