Воскресенье, 19 апреля

Министр Кулубаев Түркиянын элчисин кабыл алды

0

Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркиянын элчиси Ахмет Садык Доганды дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жолугушууда министр Жээнбек Кулубаев кыргыз-түрк боордоштук мамилелерин өнүктүрүү Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыты экенин баса белгиледи. Буга байланыштуу Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын 2024-жылы Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын маанилүүлүгүн, анын жыйынтыгында өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын деңгээли Кеңири стратегиялык өнөктөштүккө көтөрүлгөнүн баса белгиледи.

Жолугушуунун соңунда министр Жээнбек Кулубаев Кыргызстандагы жемиштүү иши жана кыргыз-түрк стратегиялык мамилелеринин өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн элчиге ыраазычылык билдирип, Ахмет Садык Доган тууралуу кыргыз элинде жакын дос катары жылуу эскерүүлөр каларын белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз