Жер титирөөдө биз жаңы курулуп жаткан же курулуп бүткөн үйлөрдүн сапатына эмес, эски 1950-1960-жылдары курулган үйлөрдүн, имараттардын сапатына көбүрөөк чочуласак болот. Мындай пикирин И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин “Сейсмикалык туруктуу курулуш” илим изилдөө институнун директору, техника илимдеринин доктору, профессор Райымкул Мендекеев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, эски имараттар менен турак жайларга кепилдик жок.
“Бүгүнкү күндө өлкөдө, анын ичинде Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн сейсмикалык туруктуулугу негизинен жакшы. Имараттарда түздөн-түз эксперименталдык текшерүү болбосо да, имараттардын жер титирөөгө туруктуулугун текшерүү боюнча мекемелер аралык комиссия тарабынан бир топ курулуштар текшерилди. Азыркы курулуштардын негизин темир-бетон конструкциялары түзөт. Жаңылбасам 104 имараттын бетонунун бышыктыгы, арматураларынын коюлушу, сапаты текшерилген. Жыйынтыгында бардык имарат сейсмикалык туруктуу деп табылган”,- деди Райымкул Мендекеев.
Окумуштуу белгилегендей, Кыргызстандын аймагында 9-10 баллдык жер титирөө болушу мүмкүн, анткени активдүү сейсмикалык зонада жайгашкан.
“Көп кабаттуу имарат менен үйлөр курулуп жатканда эң аз дегенде 9-10 баллдык жер титирөөгө туруштук берген талапта курулушу керек. Кыргызстан өзү активдүү сейсмикалык зонада жайгашкандыктан, өлкөнүн бардык аймагында 8-9-10 баллдык жер титирөө болушу толук мүмкүн. Ошондуктан курулуштун долбоору ушул жер титирөөнүн күчүнө ылайыкталып түзүлөт”,- деди ал.
Белгилей кетсек, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин талабы менен учурда ар бир курулуш объектисинде QR-код илинген. Бул QR-код аркылуу курулуштун сейсмикалык туруктуулугу жана башка маалыматтарды алууга болот.