Суббота, 18 апреля

Кыргызстан менен Казакстандын тышкы иштер министри телефон аркылуу сүйлөштү

0

Күн мурун тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Казакстандын премьер-министринин орун басары — тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Тараптар кыргыз-казак кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, мамлекет жана өкмөт башчыларынын деңгээлинде мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Ошондой эле алдыдагы эки тараптуу жана көп тараптуу иш-чаралардын графиги каралды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз