Сириянын тышкы иштер министрлиги Израилдин Сириянын аймагына жасаган чабуулун «катуу» айыптады.
Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Израилдин Сирияда кыска убакыттын ичинде беш башка жерге абадан кол салганы, натыйжада Хама аэропортунун дээрлик бүтүндөй талкаланы жана ондогон жаран менен аскерлердин жараланганы айтылды.
Министрлик, Тель-Авивдин администрациясы тарабынан мыйзам бузуулардын кайталанышына жол бербөө үчүн БУУну чукул чараларды көрүүгө чакырды.
Өткөн түнү Израилдин учактары Хама аэропортуна жана анын айланасындагы аймактарга 14төн ашык абадан сокку урду, ошондой эле Хомс провинциясындагы Т4 аскерий базасына жана борбор Дамасктагы аскердик инфраструктурага абадан чабуул жасады. Ошондой эле батыштагы Дараа провинциясына миномет жана артиллериядан сокку урду.