Среда, 27 ноября

Палестиналыктардын кээ бир үйлѳрүн Израил бийлиги кулатууда

0

Жакында палестиналыктар таандык кээ бир үйлѳрдү Израил бийлиги кулатууда. Израил тарабынан басылып алынган Чыгыш Кудста Айрым дубалдарын зым тосмолоруна жакын деген негизде кээ бир үйлѳрдү кулатты.

Маалыматка ылайык, Израил бийлиги Чыгыш Кудстун Сур Бахир аймагына атайын техникалар менен таң эрте барышкан. 

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда көп сандаган Израиль аскери жана полициясы эрте менен эрте экскаваторлор менен Чыгыш Кудстун Сур Бахир аймагындагы Вади Ел – Хуммус мааласына барды. Палестиналыктарга таандык үйлөрдөн кээ бирлерин күч менен бошотту.

Үйлөрдү кулатууга каршылык көрсөткөн мааланын тургундары менен Израиль күчтөрүнүн ортосунда чыңалуу барган сайын күч алууда дейт маалымат булактарда. Израилге таандык экскаваторлор ушул кезге чейин эки кабаттуу бир имаратты кулатты.

Андан тышкары, Израил бийлиги кѳп кабаттуу иммараттарды кулатуу үчүн жардыруучу заттарды колдонгондугу да маалым болду.

Израил Жогорку Соту өткөн айда Сул Бахирдеги бул имараттардын Айрым дубалынын уландысы болгон зым тосмолорго жакындыгынан улам «коопсуздук коркунучун түзүп» жаткандыгын айтып кулатуу чечимин чыгарган жана үйлөрдү кулатуу үчүн мүлк ээлерине 18 —  июнга чейин мөөнөт берген.

Бул маселе боюнча палестиналыктар курулушта болгон 10 имараттын кулатылышынын токтотулушу үчүн Жогорку Сотко кайрылган. Бирок сот кечээ бул кайрылууну четке какты. Адистер Израил сотунун бул чечиминин Палестинанын башка аймактарында да бир топ үйдүн кулатылышына себеп болушу мүмкүн экендигин эскертүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз