Жардам берүү, жакшылык жасоо иш аракеттери гентикага байланыштуу экенин окмуштуулар изилдеп чыгышты.Анда чын эле баардык адамдар боорукерби?
2009-жылы Ирусалимдеги Еврей университетинин лабораториясында үч жүз адам эки экономикалык жаатта оюн ойношот. Анда берилген бир суумадагы акчаны анонимдүү кардар менен бѳлүшүү керек эле. Оюндун шарты боюнча биринчи этапта оюнчулар акчаны кандай колдонуунун ѳзүлѳрү чечет. Ал эми экинчи этапта болсо, акчанын баарын толук алат же экиге бѳлүп кѳбүрѳѳк бѳлүгүн ѳзү алып, аз сумманы кардарга бермек. Бирок оюнчу канча суммадагы акчаны ким менен бѳлүшүп жатканын билбейт болчу.
Окмуштуулар изилдѳѳлѳрдүн жыйынтыгын генетикалык аныктоолорго салыштырышты. Жыйынтыгында, эч кыналдай бѳлүшкѳн адамдарды жан аябастыкты билдирген берешен деп таапбышты. Алардын генетикалык жактан изилдѳѳдѳ OXTR бир аз гана ѳзгѳрүү байкалган.Бул адамдар ѳзүлѳрүнѳ жетпей калса да башка менен бѳлүшүыгѳ дачр адамдар. Мындай чечимдерин алар тең укуктуу болууну каалагандыгы менен далилдешти.
Экинчи ген AVPR1a ал дагы ададмдарды жакшы иштерди жасоого таасир берет. Ал агрессивдүү адамдарга таасир берет. Бул генди мырзалардыын мурдуна куйганда ойлору ѳзгѳрүп, жакшылык жасоого умтулушкан.
АКШнын Санта-Барбарадагы Калифорния университетинин илимпоздору ѳзүмчылдүккѳ караганда боорукердик берешендик атабабаларыбызга таандык сапаттар. Ал сапаттар кайсы бир топтор менен узак убакыттык келишимдерди түзүүгѳ шарт түзгѳн. Жапайы шартуу жаратылышта жашоого ыңгайлуу болгон. Жыйынтыгында боорукер берешен адамдарды баары баалаган жана достору кѳп болгон.
Коомдо эркин жагымдуу жашоо ѳткѳрүү үчүн ѳзүмчүл, ташбоор болбой, берешен боорукер болуу ыңгайлуу экенин окмуштуулар баса белгилешет.