Жай саратандын азыркы мээ кайнаткан ысык күндөрү кыргыз коомчулугу эс алуудан да, иштегенден да мурда экс-президент Алмазбек Атамбаев качан камаларын “күтүп жатышкан” учуру. Анткени ага ИИМ тарабынан үчүнчү жолу суракка чакырылган катка терс жооп берилип, “мыйзамсыз” чакырууга барбай тургандыгын жана ар кандай маселелер боюнча адвокаты Сергей Слесаревге кайрылууну жар салган болчу.
Мыйзам боюнча, үчүнчү ирет суракка келбеген адам күч менен жеткирилет. Ошондуктан өткөн жуманын жума күнү түштөн кийин Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн күч колдонуу менен ИИМдин имаратына алып баруу үчүн 1500 милиция кызматкери даярдалып жаткандыгы тууралуу кабар тарап кетти. Болгондо да мындай каңшаарды экс-президенттин басма сөз өкүлү, коомдук башталыштагы кеңешчиси Кундуз Жолдубаева жарыялады. Ким билет, ИИМ тарабынан чын эле ушундай операция даярдалып, аны атамбаевчилер билип алышканбы же өздөрүнүн “живой щит” катары колдонулуп аткан тарапташтарын чогулталы дештиби, айтор алдын ала айгай салуу менен өздөрүнүн “патронун” коргоп калышты. Анткени эртеси күнү эле ИИМ басма сөз кызматы аркылуу эч кандай 1500 милиция кызматкеринин катышуусунда Атамбаевди кармоо боюнча операция даярдалбагандыгын расмий билдирүү таратты.
Сыягы, “Эгер мени спецназдын жоокерлери келсе атышам, белекке алган тапанчам бар…”,- деп коркуткан экс-президент дагы бир балээни баштап жибербесин деп, бийлик тарап өз планынан артка чегинди окшойт. Мындан тышкары күн сайын Кой-Ташка каттаган анын мурдагы шакирттери менен тарапташтары эгер Атамбаевдин колу-бутуна кишен салып, күч менен алып кетүү аракети көрүлсө, карап турушмак эмес…
22-июлда айласы кеткен Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүнө өзү барды. Каниметов менен Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева гана жолукту. Ага тергөөчүлөр Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча иштин алкагында суракка алганы келишкенин ачык эле айтышты. Бирок Жолдубаева буга чейин келген билдирүү каттарынын баары мыйзамсыз экенин белгиледи. Андан сырткары, Жогорку Кеңештин Атамбаевди экс-президент статусунан ажыраткан чечимин Конституциялык палатага даттанышканын маалымдады.
«Арызды ноябрь айында карашат. Ага чейин Атамбаев милицияга басып да барбайт», — деди ал.
Ал ошондой эле журналисттердин «Атамбаевди күч менен алып баруу болобу?» деген суроосуна, «бардыгын тергөөчү мыйзам негизинде чечет» деп жооп берди.
Айтор бийликте турганда элине, өз өлкөсүнө адилет, таза кызмат кылууну мындай кой, Бекболот Талгарбеков “Атамбаев кыргыз элине миң жылда бир келүүчү кесепет”,- деп таамай айткандай, кыянатчылыгы менен кесепети тоодой Атамбаев өзүнө мүнөздүү каратып туруп калп айткан, эки жүздүү анткорлугу менен азыркы бийликтин айласын алты кетирип, өзү суудан кургак чыгуу менен жарга такап койду.
Эми кримтөбөл Батукаевдин мыйзамсыз абактан чыгарылышы боюнча акыры келип Атамбаевди камоо планы үзгүлтүккө учурап, ага чейинки бир нече кызмат адамдары камалган менен, башкы фигура болгон Атамбаев кайра бийликти элге жек көргөзүп койду.
Ал тургай Жогорку Кеңештин бүтүндөй 100дөн ашык депутаттары кабыл алган экс-президент макамынан ажыратуу боюнча мыйзамды чимкирик катары да көргөн жок. Эми Конституциялык палата ноябрда ишти карап, бир бүтүм чыгарганча ким бар да, ким жок…
Бул аралыкта Атамбаев Орусияга ушул жуманын шаршемби күнү барышы мүмкүн экенин билдирди. Бирок кимдердин чакыруусу менен барарын ачык айткан жок.
“Бүгүн дүйшөмбү, балким шаршембиде кетем. Кайсы жактан, кантип кетем чакырып жаткан тарап чечет. Эки күнгө барып келем”, — деди ал Орусияга баруусун табышмактантып.
Азырынча расмий органдар да, ал тургай узун кулактар менен имиштен окуяларды ойлоп тапчу ушакчылар деле экс-президенттин Орусияда ким менен жолугуп, кандай маселе талкууланарын айтмак тургай, божомолдошо элек. Бирок, бизге жеткен айрым маалыматтарга ылайык, ал президент Путиндин тапшырмасы менен Кремлдин өтө таасирдүү чиновниктери менен жолугуп, экс-президенттин мындан аркы кадамдары талкууланат. Ал тургай Орусияга журт которушу, өзүнөн мурдагыдан мурдагы президент Аскар Акаев менен кошуна жашап калары да ажеп эмес.
Биздин президенттерден айырмаланып, алысты көрө билген орус президенти эгер Атамбаевди алып кетпесе, анын тегерегиндеги ызы-чуу өлкөбүздө туруксуздукту жаратып, анын арты менен АКШ баш болгон ЕАЭБ аймагына өрт коюуну пландаштырып жүргөн үчүнчү күчтөр АШАны ошондой куралга айландырып жиберери да толук мүмкүн. Ал эми Кыргызстанда бир эмес, эки кандуу революцияны уюштуруп, бийликке келген Атамбаев эски досунан өч алуу үчүн эл менен мамлекеттин бейпилдигин бузуп, тобокелге салбайт деп айтууга ооз барбайт. Ансыз моюнуна сыйырмак тагылгандай абалда калган Атамбаев Москвага жөн эле барып келгендей, ал жакта суутуп коюппу.
Сыягы, өткөн жумада президент С. Жээнбеков Швейцариядан келатып, Москвага кайрылып, Путин менен жолукканда ушундай чечимге макул болгон окшойт…
Э. Досназаров.