Суббота, 23 ноября

Экинчи дүйнөлүк согушту эскерүүгө Орусия чакырылбай Германия чакырылды

0

Польша Экинчи дүйнѳлүк согуштун 80-жылдыгына карата ѳткѳрүлүүчү иш чарага Германияны чакырды. Бирок Россия бул тизмеге кирген жок. Мындай билдирме маалымат булактарда жарыяланды.

Ѳлкѳдѳ жыл сайын 1-сентябрда фашитстик Германия кол салган Экичи дүйнѳлүк согушта курман болгондорду эскерүү иш чаралары ѳткѳрүлѳт.

«Бул кайгылуу окуяны Польша эл аралык укуктарга негизделген мамилеге ылайык тыгыз кызматташкан мамлекеттер менен тосууга кызыкдарбыз», — деди Польша президентинин маалымат кызматы.

Иш чарага чакырылган ѳлкѳлѳргѳ, НАТОнун бир катар мүчөлөрү, ЕБ, анын ичинде Чыгыш өнөктөштүгү ошондой эле демилгечилердин бир Беларуссия да катышат.

Германиянын эскерүүгѳ катышуусу Польшаны ыңгайсыздандырбайт. Себеби эки ѳлкѳ тең НАТОнун жана ЕБ курамында.

Ѳкмѳт башчы Яцек Сасиндин айтымында Ангела Меркелди да чакырган. Анын себебин биз оптимисттик кѳз караштабыз деп билдирет.

АКШынын президенти Дональда Трамп негизги коноктордун катарында.Ак үйдѳн азырынча жооп бериле элек. Бирок Польшада Трамп 31-августта келип 1- сентябрга чейин болорун маалымдашат. Гданьсктагы эскерүү иш чараларын Варшада ѳткѳрүүнү пландап жатат.

Россияны бул эскерүүгѳ чакырылбаган себебин эл аралык укутарды бузгандыгы менен тушундурѳт.

Экинчи дүйнѳлүк согуштан кийин Польшанын территориясынын бир жагы Германияга, экинчи жагы Советтер Союзуна ѳткѳн. 

Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков Улуу Ата Мекендик согуштун жана Экинчи дүйнөлүк согушка тиешелүү иш чаралар кайсы ѳлкѳдѳ ѳткѳрүлбѳсүн эгер Россия катышпаса толук кандуу эмес деп баса белгиледи.

Пресс-секретарь Владимира Путина Дмитрий Песков ранее отмечал, что любые мемориальные мероприятия в любой стране мира, которые посвящены годовщине Великой Отечественной и Второй мировой войны, без участия России не могут считаться полноценными.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз