Курманбек Бакиев Кыргызстанга келе турган болсо, чек арадан өтөрү менен камалат! Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
УКМК төрагасы: «Кечээ Конституциялык соттун Курманбек Бакиев боюнча чыгарган чечимине бүгүнкү бийликтин эч кандай тиешеси жок. Конституциялык сот көз карандысыз. Бакиев боюнча Жогорку соттун өкүмү күчүндө турат. Ошондуктан эгерде Курманбек Бакиев Кыргызстанга келе турган болсо чек арадан өтөрү менен камалат», — деди.
