Суббота, 23 ноября

Ормуз кысыгындагы Британия кемесин Иран бийлиги туткундады

0

Иран бийлиги тарбынан туткундалган Stena Impero аттуу мунай ташыган кемесин жана экипаж мүчөлөрүн тез арада бошотууга Британиянын тышкы иштер министри чакырды.

Ошондой эле Хант Ормуз кысыгындагы жүк ташыган кемелерди коргоо үчүн Европа мамлекеттерин атайын миссия түзүүгө үндөдү.

Өткөн жумада Иран Британиянын Stena Impero кемесин Ормуз кысыгында курчоого алып, Бендеер-Аббас портуна токтоткон. Тегеран бул кеме «эл аралык деңиз мыйзамдарын» бузду деп айтууда.

Танкерге жакын турган британиялык аскердик кеменин Иран күчтөрүнө эскертүү бергенине карабастан, ирандык аскерлер тик учак менен танкерге түшүп, башкарууну өз колуна алышкан.

Иран аскерлери тик учак менен танкерге түшүп, башкарууну өз колуна алышкан

Кеменин 23 кишиден турган экипажы дагы портто кармалып турат. Алар Индия, Орусия, Латвия менен Филиппиндин жарандары.

Кеменин операторлору экипажга жолугуу үчүн расмий түрдө кайрылышты. Дүйшөмбү күнү Ирандын мамлекеттик маалымат агенттиктери кеменин экипаж мүчөлөрүнүн видеосун жарыялады. Тасмада алардын тамак жасап, Иран расмийлери менен сүйлөшүп жатканын көрсө болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз