Суббота, 6 июня

Түндүк-Түштүк жолуна таш кулап, жол жабылды

0

Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолуна түшкөн ири көлөмдөгү таштын болжолдуу көлөмү 55-60 миң куб метрди түзөт. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда жеринде №18 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат.

«Таш көчкүнү тазалоо иштерине 2 экскаватор, 2 ХОВО жүктөгүч, 2 погрузчик тартылды. Ошондой эле башка аймактагы жол тейлөө ишканаларынан техникалар тартылууда. Дагы кошумча маалымат берилет», — деп айтылат маалыматта.

Министрлик айдоочуларга коопсуздукту камсыз кылуу максатында аталган тилке аркылуу убактылуу каттамга чыкпай турууну, жол эрежелерин жана жол кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн так сактоону эскертет.

Белгилей кетсек, 4-июнда саат болжол менен 17:30 чамасында Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолунун 270-271-чакырым аралыгына чоң көлөмдөгү таш түшүп, жол кыймылы убактылуу жабылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз