Суббота, 6 июня

«Ала-Арча» резиденциясында кыргыз-беларусь бизнес форуму өтүүдө

0

Бүгүн, 5-июнда «Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында кыргыз-беларусь бизнес форуму өтүүдө.

Иш-чара Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан уюштурулган.

Бизнес форум Беларустун премьер-министри Александр Турчиндин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында өткөрүлүп жатат.

Беларусь делегациясынын курамында Соода-өнөр жай палатасыны, экономиканын ар кандай тармактарын чагылдырган 40ка жакын ири беларусь компанияларынын өкүлдөрү бар.

Форум кыргыз-беларусь соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүнүн келечегин талкуулоо, кооперативдик байланыштарды кеңейтүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн маанилүү аянтча болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз