Кыргыз-тажик чек арасындагы пикир келишпестиктен жабыркап, 16 адам ооруканага кайрылды. Алардын учурдагы абалы орточо деп бааланууда. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, министрдин орун басары Эркин Чечейбаев 23-июлда инциденттен жабыркап, Баткен бириктирилген ооруканасында дарыланып жаткандардын абалынан кабар алды.
Алардын дарылануу схемасы менен таанышкан Чечейбаев ыкчам медициналык жардам берүү жана зарыл болгон дары-дармектер менен камсыз кылууну күчөтүү тапшырмасын берди.
Мындан тышкары ал Баткенге реанимобиль жана тиешелүү дарыгерлер жиберилгенин, ошондой эле эки тез жардам машинасы күнү-түнү нөөмөттө турганын билдирди.