Понедельник, 25 ноября

Аномалдуу ысык баардык континенттерде

0

Климаттык изилдөөлөр боюнча Германия институтунун эксперттери, Европа ѳтѳ ысык болгон бешинчи жайды ѳткѳрүп жатат деп билдиришти. Алардын айтымында, быйылкы жылдагыдай аномалдуу ысык 21-кылымда болгон. Мындай жыйынтыктар кѳп жылдык, кѳп кылымдык климаттык изилдѳѳлѳргѳ таянган.
Франциянын Бордо шаарында шейшембиде синоптиктер кѳлѳкѳ жерде +41, 2°С болгонун аныкташкан. Ушундай эле абал аркы өйүзүдөгү Ла-Манша жээгинде байкалат. Лондон тургундары жайкы аптапта парктарды ысыктан калкалай турган жай катары колдонушат.
Бүткүл дүйнѳлүк метеорологиялык уюмдун ѳкүлү Клер Наллис, “ысык-бул климаттын ѳзгѳрүүсүн бирден бир күбѳсү, аномалдуу ысыктар тез-тез кайталанууда. Ысык эрте башталып,узакка созулат.Мындай абал баардык континеттерди камтыйт. 2003-жылдан бери уланууда”-деди.
Еропадагы ысык аба ырайы токойлордогу ѳрт кырсыктары, улгайган адамдардын ѳлүмү менен коштолот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз