Сириянын мамлекеттик маалымат агенттиги билдиргендей, Сирия «жакында» Түркиядан эки өлкөнүн ортосундагы 400 киловольттук электр өткөргүч линиясы аркылуу электр энергиясын импорттоо келишимине кол коет.
Маалымат агенттиги ошондой эле өлкөнүн энергетика министри Мохаммед аль-Баширге шилтеме берүү менен Сирия Түркиянын чек аралаш Килис шаарын Сириянын түндүгүндөгү Халеп шаары менен байланыштырган жаратылыш газ куурун куруунун үстүндө иштеп жатканын билдирди.
Ал-Башир: «Бул куур Сириядагы электр станцияларына суткасына 6 миллион кубометр газ берүүнү камсыздайт, бул өлкөнүн энергетикалык абалын жакшыртууга салым кошот», — деди.
Түркиянын Сирияга көптөн берки колдоосун мактаган сириялык министр Түркиянын Сириянын түндүгүнө электр энергиясы менен камсыз кылуу аракетин баса белгиледи.
Министр Түркиянын Рейханлы менен Сириянын Харам аймагын бириктирген жаңы электр өткөргүч линиясына даярдыктардын уланып жатканын, тендер процесси аяктагандан кийин болжол менен 80 мегаваттык электр энергиясы Сириянын түндүгүнө жеткириле турганын айтты.