Воскресенье, 18 мая

БУУ дүйнөлүк лидерлерди Газа тилкесине жардам берүүгө чакырды

0

Бириккен Улуттар Уюму дүйнөлүк лидерлерди гуманитардык кризис күчөгөн Газа тилкесиндеги карапайым калкты азык-түлүк менен камсыздоого чакырат.

Бул тууралуу БУУнун гуманитардык маселелерди координациялоо бюросунун (OCHA) билдирүүсүндө айтылат.

«Бизде блокада жоюлушу менен бөлүштүрүүгө даяр болгон олуттуу көлөмдөгү запастар бар. Биз дүйнөлүк лидерлерди муну ишке ашыруу үчүн өз таасирин колдонууга чакырабыз. Азыр бул үчүн убакыт келди», — деп айтылат билдирүүдө.

OCHA Израилдин жарандарды тамак-ашка жетүү үчүн согуштук аймактарга багыттоо планын “негизги гуманитардык принциптерге каршы келет” деп атады.

БУУнун маалыматы боюнча, Израил товарларды жеткирүүгө толук блокада салгандыктан, Газага тогуз аптадан бери жардам жетпей жатат. Гуманитардык жардам көрсөтүүгө уруксат берүү өтүнүчтөрү четке кагылууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз