Индия армиясы Пакистанда жана Пакистан башкарган Азад Кашмирдеги “буталарга” каршы аскердик операция баштаганын билдирди.
Индиянын пресс-информациялык бюросу (PIB) бул жөнүндө билдируу жарыялады.
Билдирүүдө армия Пакистандагы жана Исламабаддын көзөмөлүндөгү Азад Кашмир чөлкөмүндөгү “буталарга” каршы аскердик операция баштаганы айтылат.
Маалыматка ылайык, тогуз аймак бутага алынган, ал эми «Пакистандын аскерий объектилерине чабуул жасалган эмес» деп айтылат.
Индия бул кадамдар Пахалгамдагы кол салууларга жооп катары көрүлгөнүн жана “жооптуулар жоопко тартыларын” билдирди.
Индиянын коргоо министри Ражнат Сингх X социалдык медиа платформасындагы постунда «Жашасын Индия» деген сөздү колдонгон.
Ал эми Пакистан армиясы Индиянын ракеталык соккусуна жооп иретинде эки согуштук учакты атып түшүргөнүн Пакистандын коопсуздук булактары билдирди.
Пакистандын мамлекеттик телеканалы PTV News менен сүйлөшкөн маалымат булактары Индиянын ракеталык чабуулдарына жооп иретинде эки согуштук учак атып түшүрүлгөнүн билдирди.
«Пакистандын аскер-аба күчтөрүнө тиешелуу бардык самолеттор коопсуз. Пакистандын куралдуу күчтөрүнө душмандын агрессиясына татыктуу жооп кайтарып жатат».
Коопсуздук булактарынын маалыматына караганда, Пакистан армиясы жооп иретинде индиялык аскер бөлүгүнүн штаб-квартирасын бутага алган. Штабдын жайгашкан жери тууралуу толук маалымат айтылган жок.
Ракеталык соккудан Пакистан менен Индиянын ортосундагы башкаруу линиясына (LoC) жакын жайгашкан Дудхниял аймагындагы индиялык көзөмөл пункту да талкаланды.
Пакистан аба мейкиндигин 48 саатка жаап, бардык ички жана эл аралык каттамдарды токтотконун Пакистандын Samaa TV телеканалы билдирди.