Дүйшѳмбүдѳн бери уланган Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркагандар нааразы. 24-июлда Ак-Сай айылынын эли Баткен облустук администрациянын алдына митингге чыгышты. Бул тууралуу маалымат булактар жарыялады.
Маалыматка ылайык, нааразы болгон 50гө чукул адам Тургунбай Садыков көчөсүн тосуп, андан кийин облустук администрацияга карай бет алган. Нааразычылык акциясына 200дөй киши чыккан.
Алар бийликтен кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды тез арада жөнгө салууну талап кылышууда.
Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердигулова акцияга чогулгандар менен облус башчысынын орун басары Чынара Саттарова жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткандыгын билдирди.
Эске салсак, 22-июлда Ак-Сай (Кыргызстан) менен Ворух (Тажикстан) айылдарынын жашоочуларынын ортосунда чыр чыккан. Ворухтун тургундары кыштактын кире беришине флагшток орнотмокчу болушканда аксайлыктар каршы чыккан. Кайым айтышуу учурунда бири-бирин ташка алып, ок атылган. Мунун кесепетинен 14 кыргызстандык жаракат алган.