Кечээ Кыргызстандын мурдакы президенти Алмазбек Атамбаев Москвага саясий колдоо издеп барган. Ал Орусия президенти Владимир Путин менен жолугат. Орусия лидери Алмазбек Атамбаевдин арызын угуп, саясий кырдаалды курчутпоого чакырды. Бул тууралуу маалымат булактары жарыялады.
«Менин позициям жакшы белгилүү. Мен бул позициямды Атамбаевга жеткире айттым. Кыргызстан биздин союздаш, жакын өлкө деп эсептейм, Кыргызстан бир нече, так айтканда эки олуттуу саясий тополоңду баштан өткөрдү. Кыргызстандын элинин кызыкчылыгы үчүн ушуну менен токтош керек»,-деди Путин.
Ошондой эле, азыркы күндѳ иштеп жаткан ѳлкѳ башчысы Сооронбай Жээнбековдун айланасында калкты биригүүгѳ чакырды: «Ѳлкѳгѳ саясий туруктуулук керек. Баарыңар азыр иштеп жаткан президенттин айланасында биригип, ага мамлекеттин ѳнүгүшүнѳ жардам беришиңер керек»,-деп кошумчалады.
Алмазбек Атамбаев шаршембиде Канттагы Орусиянын аскер базасындагы аба майданынан учуп кеткен. Ал учаардын алдында «Ар бир акылдуу адам түшүнөт, Кыргызстанда эч ким мыйзамды сыйлабайт, ар ким каалаганын жасап атат. Азыркы бийлик өзүнүн гана чөнтөгүн ойлоп атат. Мен баарына даярмын, бул бийликтен баарын күтсө болот»,-деген эле.