Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган, Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Түркиянын Украина менен Орусиянын ортосунда ок атышпоо жана туруктуу тынчтык сүйлөшүүлөрүнө ортомчулук кылуу сыяктуу бардык жардамдарды берүүгө даяр экенин билдирди.
Анда Эрдоган Орусия менен Украинанын ортосундагы согушту токтотуу аракетинде «тарыхый бурулушка» жеткенин белгилеп, тынчтыкка жетишүү үчүн бул мүмкүнчүлүктү колдонуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Түркиянын Коммуникация башкармалыгынын жекшемби күнү жасаган билдирүүсүнө караганда, Эрдоган: «Түркия ок атышпоо жана туруктуу тынчтыкка жетишүү үчүн бардык салымын кошууга, анын ичинде сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө даяр»,-деди.
Эрдоган ошондой эле узак мөөнөттүү тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо жана Украинанын согуштан кийинки кайра куруу процессине колдоо көрсөтүүдө Франция менен кызматташууну улантуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Эки лидер эки тараптуу карым-катнаштарды, ошондой эле глобалдык жана аймактык окуяларды талкуулашты.
