Суббота, 18 апреля

ӨКМ бүгүн сел жүрүшү ыктымал аймактарды атады

0

Өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү ыктымал.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу бүгүн, 12-майда Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

«Кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдарга кабылсаңыз токтоосуз 112 номерине чалып билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат», — деп белгилешти ӨКМден.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз