Израилдин Газа тилкесинин чыгышындагы Хан Юнустагы Европа ооруканасы жана анын айланасындагы аймакка жасаган соккусунан кеминде 34 палестиналык набыт болуп, 40ка жакыны жараат алды.
Оорукананын айрым бөлүктөрү жана анын айланасындагы объектилер катуу жабыркады.
Жарандык коргонуу башкармалыгынын басма сөз катчысы Махмуд Басал оорукананын жанындагы кабаттуу үй Израил армиясынын артиллериялык чабуулдарынан улам бутага алынганын айтты.
Жардыруудан аль-Афгани үй-бүлөсүнүн үйү талкаланып, 28 палестиналык набыт болгон.
Жарандык коргонуунун эки кызматкери эвакуациялоо учурунда жеңил жаракат алган.
14-майда эртең менен Израилдин аскерлери Хан Юнус шаарындагы Насер ооруканасына да чабуул коюшкан. Кол салууда мурдагы кол салууда жараланып, ооруканада дарыланып жаткан журналист Хасан Абдулфеттах Ислих каза болуп, бир нече бейтап жараланды.
Газадагы палестин бийликтери Израил армиясынын Газадагы медициналык борборлорду жана инфраструктураны атайылап бутага алып жатканын баса белгилешти.
Газадагы өкмөттүн басма сөз кеңсесинин маалыматына караганда, Израил армиясы 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газадагы 164 медициналык мекемени бутага алып, 81 медициналык борбор менен 38 оорукананы иштен чыгарып, 144 тез жардам унаасын жараксыз абалга калтырды.