17-майда саат 10:00дөн 12:00гө чейин Курманжан Датканын эстелигинин алдындагы аллеяда салттуу кайрымдуулук дипломатиялык жарманкеси өтөт.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, иш-чара Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн катышуусунда уюштурулууда.
«Жарманкеде дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн алып келинген уникалдуу буюмдар жана сувенирлер, улуттук даамдар менен суусундуктар коюлуп, аларды сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Анда сатылган товарлардан түшкөн каражат кайрымдуулук үчүн жумшалат», — деп айтылат маалыматта.