Пятница, 20 июня

Бишкек — Ала-Арча экспресс каттамы кайрадан ишке кирди

0

Бишкек — Ала-Арча жарым-жартылай экспресс  каттамы кайрадан өз ишин баштады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, каттам шаар тургундарынын көптөгөн кайрылууларынын негизинде жанданды.

Жарым-жартылай экспресс каттамынын акыркы аялдамалары Бишкек шаарынын Т.Усубалиев атындагы эски аянтта жана Ала-Арча жаратылыш паркында орун алган.

Белгилей кетсек, иш убактысы 08:00-19:00 чейин, ал эми төлөм жүргүзүү накталай болсо 50 сом, накталай эмес болсо 40 сомду түзөт.

Аталган Бишкек-Ала-Арча экспресс каттамын 12 метрлик заманбап Исузу автобустары тейлейт.

Эскерте кетсек,  аталган каттамда 6 автобус 20-30 мүнөт аралыгында иш алып барып, Жусуп Абдрахманов көчөсү аркылуу жүрөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз