2020- жылы Кыргызстанда парламенттик шайлоо болот. Шайлоого даярдык азыртадан эле күчѳѳдѳ. Парламенттик шайлоонун босого балы тогуз пайыз экени белгилүү болгон.
Буга чейин парламенттеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев ушул мазмунда мыйзам долбоорун сунуштап, бирок колдоо тапкан эмес.
Ал эми ѳлкѳбүздѳгү башка партиялар да босого балын бешке түшүрүүнү демилгелеп жатышат.
Шайлоо мыйзамдына босого чек тууралуу өзгөртүүлөр соңку жолу 2017-жылы киргизилип, ал жети пайыздан тогузга чейин көтөрүлгөн.
Кыргызстанда кийинки жылы парламенттик шайлоолордо жеңишке жетишүү үчүн партиялар мурункудан да көп добуш топтошу керек болуп калды.
Пропорционалдык шайлоо системасы бар постсоветтик өлкөлөрдүн биринде дагы тогуз пайыздык босого чек жок.
Алалы, Арменияда — 3%, Грузияда — 5%, Латвияда — беш, Литвада — 5%, Молдовада — 5%, Орусияда — 5%, Казакстанда — 7%; Украинада — 5%, Эстонияда — 5%, Тажикстанда — 5% босого чек каралган. Украинада жаңы президент Зеленский быйыл июнда шайлоодогу босого чекти үч пайызга түшүрүүнү сунуштап, бирок Рада аны колдогон жок.
Европа өлкөлөрүн алалы: Германияда босого чек — 5%, Данияда — 2%, Нидерландыда — 0,67%, Норвегияда — 4%, Израилде — 3,25%, Польшада — 5%, Швеции — 4%, Словенияда — 3,2%, ал эми Түркияда — 10 %.