Болгариянын Русе, Балкан жана Разград шаарларында африкалык чочко ысытма оорусунун чыгышына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыяланды.Брашлен айылында айыкпас оору өлкөнүн ири өнөр жай чочко чарбалардын бириндеги малды кырып салды. Бүгүнкү күндѳ ал жерде 40миң чочко багылат. Булардын баарын сактап калыш үчүн максатту иш чараларды колдонуу керек.
Азык-түлүк коопсуздугу боюнча Болгария агенттигинин башчысы Александра Митева: “Бул чаралар мыйзамдуу, улуттук жана ЕБ мыйзамдар менен тѳп келген. Эпидемиянын чектөө менен биз анын таркашына жол бербөө боюнча мүмкүн болушунча тезирээк иш жүргүзѳбүз «.
Июль айында болгар бийлиги африкалык чочко ысытмасыны 30га ѳскѳнүн кабарлашкан. Ал Румыниянын чек араларына тиешелүү. Ал жактагы фермаларда алдын алуу,дизенфекциялоо иштери жүргүзүлгѳн.