Воскресенье, 24 ноября

Студенттик кѳтѳрүлүштү ырайымсыздык менен баскан Ли Пэн дүйнөдөн өттү

0

Тяньанмень аянтындагы студенттик демонстрацияны ырайымсыздык менен басканы үчүн Ли Пэн «бейжиндик касапчы» деген атка конгон.

Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин мурдакы премьери, 1989-жылы Тяньанмень аянтында нааразылык жүрүшкө чыккан студенттерди танктар менен аскердин күчүнө салып, ырайымсыздык менен баскан коммунисттик лидер Ли Пэн 90 жашында дүйнөдөн кайтты.

Он жыл премьер кызматынан кийин Ли Пэн 1998-2003-жылдары Бүткүл кытайдын эл өкүлдөрү жыйынынын туруктуу комитетинин төрагасы болду.

Расмий маалыматтарга караганда, ал Бейжинде ооруп жүрүп көз жумду.

«Бейжиндик касапчы» ылакап атка Ли Пэнди бир катар эл аралык уюмдар атаган. Анткени, 1989-жылы Тяньанмень аянтында студенттик манифестацияларды ырайымсыз менен баскан ушул адам. Анын буйругу менен аскерлер жүздөгөн бейкүнөө жарандардын канын төккөн.

Ли өзү кийин мындай кадамга аргасыз барганын, анткени кырдаал ошону талап кылганын айткан жери бар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз