Суббота, 4 мая

Иран лидерлери АКШны четке какты

0

Жакында Иран лидерлери АКШ менен эч кандай сүйлѳшпѳй турганын жарыялады. Иран диний лидери Айетуллах Али Хаманейдин аскердик кеңешчиси Хүсейин Дехкан, Дональд Трапмтын башкаруусу менен эч бир шартта сүйлѳшпѳй тургандагын айтты.

 Хаманейдин кеңешчиси жана мурунку коргоо министри Дехкан Аль Жазира телеберүүсүнѳ берген маалыматында Перс булуңундагы араздашуу жана Тегеран менен Вашингтондун сүйлөшүү ыктымалын карап чыкты.

Британиянын Перс булуңундагы коопсуздугун түзүү үчүн Европанын жол башчылыгында бир коалиция түзүү сунушуна токтолгон Дехкан : «Ормуз кысыгынын статусунда кандайдыр бир өзгөрүүнүн кооптуу беттешүүнүн каалгасын ачышы мүмкүн. Ормуз кысыгында же баары кысыктын коопсуздугунан пайдаланып нефтисин сатсын же эч ким нефть сатпасын. Ирандын теңдемеси бул»,- деди.

АКШ башкаруусу менен эч бир темада сүйлөшүшпөй тургандарын да белгилеген Дехкан : «Трамп башкаруусу менен эч бир шартта сүйлөшүү болбойт. Согуш коркутуулары менен алдап жатышат. Эгерде Вашингтон согушка кирүүгө чечим чыгарган болсо АКШ күчтөрүнүн аймактагы бардык базалары менен бөлүктөрү бутага алынат»,- деди.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз