Вторник, 23 апреля

Адис, аспириндин зыяндуулугуна токтолду

0

Азыркы күндѳ инфаркты алдын алуу максатында аспиринди кѳпчүлүк жарандар колдонуп келишет. Мындай кѳрүнүшкѳ И. М. Сеченов атындагы МУМУнун медицина илимдеринин кандидаты Антон Родионов: «Дарыгердин сунуштамасысыз жүрѳк кан тамыр оорулары менен оорубаган адамдар аспиринди инфаркты алдын алуу үчүн колдонгон туура эмес. Тескерисинче ал терс таасирлерин тийгизет».

Ал сѳзүн Оксфорд окмуштуулардын изилдѳѳлѳрүнѳ таянып жатканын белгиледи. Изилдѳѳдѳ аспиринди кабыл алуу адамдын ички организминде кан куюлууга алып келип, ѳлүмгѳ дуушар болоору аныкталган.

Ошондой эле, ар бир дары дармектин сѳзсүз пайдасы менен зыяны болооруна токтолду. Аспирин жүрѳктүн ишемиялык оорусу бар, ишемиялык инсульт алган адамдар үчүн жардам берүүчү дары бойдон калат. Бирок тандоо ар бир бейтаптан кѳз каранды. 

Ооба аспирин инфарктын алдын алат. Бирок ичеги карында кан куюлууга да алып келээрин унутпашыбыз керек. Ошондуктан аны жон иче берген болбосу баса белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз