Бүгүн 26-июлда Эмомали Рахмондун сапарына байланыштуу Ысык-Көлдө унаа жолу 1 саатка жабылат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун иш сапары 26-28-июль күндөрү болуп өтөт.
«Буга байланыштуу кортеждин тоскоолдуксуз жүрүшү үчүн Тамчы айылынан Чолпон-Ата шаарына чейин кортеж өткөн учурда жол убактылуу жабылары айтылган. Такталган маалымат боюнча, жол бүгүн, 26-июль күнү 1 сааттан ашпаган убакытка жабылат. Калган күндөрү жол жабылбайт», — деп айтылат маалыматта.
Министрлик 26-28 күндөрү Ысык-Көлдө жол эртеден кечке жабылат деп кабатыр болбой, жол эрежесин сактоону суранат.