Израилдин Ирандагы Шахид Реиси атомдук электр станциясына жасаган соккусунан кийин ядролук отундун агып кетиши тастыкталган жок.
Ирандын расмий ИРНА маалымат агенттигинин билдиргенине караганда, бул боюнча Исфахан губернаторунун орун басары Акбар Салехи билдирүү таратты.
Салихи жума күнү кечинде Исфахандагы Шахид Реиси атомдук станциясына Израил тарабынан кол салуу болгонун айтты. Кол салуудан кийин дароо окуя болгон жерге куткаруу топтору жиберилгенин айтты. Азырынча жабыркагандар тууралуу маалымат жок.
Салихи атомдук станцияда радиациянын агып кетүү ыктымалдуулугуна токтолуп: «Бул станцияда кооптондура турган булгануу жок», — деди.
13-июнда Израил Ирандын ар кайсы шаарларындагы өзөктүк объектилерине ири масштабдуу сокку уруп, жогорку аскерий командачылыкты бутага алды.
