Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун администрациясы ойлонулбаган, агрессивдүү жана мыйзамсыз иш-аракеттери менен аймакты жана бүткүл дүйнөнү алааматка алып баратат.
Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Израилдин Ирандын аймагына жасаган соккусуна комментарий берип жатып билдирди.
«Израилдин коңшубуз Иранга кол салуусу эл аралык мыйзамдарды тоготпогон ачык провокация болуп саналат», — деп жазды түрк мамлекет башчысы социалдык тармактагы баракчасына.
Түрк лидери эл аралык коомчулукту «аймактагы жана бүткүл дүйнөдөгү туруктуулукту бузууга багытталган израилдик бандитизмге «токто» деп айтууга» чакырды.
«Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр күчөп, Газага каршы адамгерчиликсиз аракеттерге эл аралык кысым күчөп турган маалда жасалган бул чабуулдар Израилдин бардык эрежелерди тебелегенге негизделген менталитетин көрсөтүп турат», — деди ал.
«Бүгүн биз дагы Жакынкы Чыгышта кан, кыйроо жана кагылышууну каалабай турганыбызды дагы бир жолу билдиребиз. Түркия коңшу Иранга жасалган коркунучтуу кол салууларды айыптайт. Каза болгондорго Жараткандан ырайым, жарадарлардын тез сакайып кетишин каалайбыз. Дос жана боордош Иран элине көңүл айтабыз», — деди түрк президенти.
