Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Жакынкы Чыгыштагы жаңжал боюнча сөз сүйлөп, Ирандын Израилге каршы өзүн коргоо укугун колдой турганын баса белгиледи.
Эрдоган шаршемби күнү Анкарада Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) парламенттик топ жыйынында: “Ирандын Израилдин каракчылыгына жана мамлекеттик терроризмине каршы өзүн коргоосу толугу менен табигый, мыйзамдуу жана адилеттүү”, – деди.
Анын бул сөздөрү Израилдин Иранга жана аймактагы анын союздаштарына каршы чабуулдары күчөгөн учурда айтылды.
Жаңжалдын олуттуулугун баса белгилеген Эрдоган Израилдин жетекчилигин да сынга алып: “(Премьер-министр Биньямин) Нетаньяху геноцид кылмышында зулум Гитлерден эбак ашып түштү. Алардын тагдыры окшош болбосо экен деп үмүттөнөбүз”,-деди.
Эрдоган: “Биз Газага, Сирияга, Ливанга, Йеменге жана коңшубуз Иранга каршы болуп жаткан адамгерчиликсиз агрессияны токтотуу үчүн колдон келгендин баарын жасап жатабыз”,-деп айтты.
