Четверг, 2 июля

Иран Трамптын калпын чыгарды

0

Ирандын БУУдагы миссиясы АКШ президенти Дональд Трамптын Тегерандын сүйлөшүү жүргүзүү өтүнүчү тууралуу билдирүүсүн четке какты.

«Эч бир ирандык аткаминер Ак үйдүн дарбазасынын алдында ырайым сураган эмес. Анын калпынан да жаман нерсе — анын Ирандын жогорку лидерин жок кылам деп коркоктук менен коркутуусу», — деп айтылат миссиянын социалдык медиадагы билдирүүсүндө.

Бүгүн эртең менен Трамп Ислам Республикасынын өкүлдөрү аны менен байланышып, Ак үйгө келүүнү сунуштаганын билдирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз