Четверг, 2 июля

Орусияда кайсыл өлкөнүн мигранттары көп? (Статистика)

0

2024-жылы Орусияга иштөө максатында барган чет элдик жарандардын ичинен өзбекстандыктар эң көп санды түздү — алардын үлүшү 23,3 пайыз болуп, бул көрсөткүч дээрлик 1,5 млн адамга жетти. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин Миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Валентина Казакова Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунда билдирди.

Анын айтымында, учурда Орусияга жыл сайын болжол менен 6,3 миллион чет элдик жаран кирип келет. «Биз пандемияга чейинки деңгээлге кайтып келдик. Келгендердин болжол менен 50 пайызы эмгек максатында келишүүдө», — деди Казакова.

Мигранттардын арасында тажикстандыктардын үлүшү 16,7 пайызды, кыргызстандыктардыкы — 10,4 пайызды, ал эми беларус жарандарынкы — 9,5 пайызды түзгөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз