Ирандын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Абдуррахман Рустамиян Израилдин Иранга жасаган кол салууларында каза болгон жарандардын саны 430га, жарадарлардын саны 3500гө жеткенин билдирди.
13-июнда Израил Ирандын өзөктүк объектилерине жана жогорку аскерий жетекчилигинин жайгашкан жерлерине ири соккуларды баштады.
Кол салуулардан Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы, Ислам революциясынын сакчылар корпусунун башкы командачысы, бир катар жогорку даражалуу аскер кызматкерлери, ошондой эле ирандык тогуз өзөктүк адис набыт болгон.
