Армениянын премьер-министри Никол Пашинян укук коргоо органдары республикадагы стабилдүүлүктү бузуу жана бийликти басып алуу боюнча «ири жана тымызын» пландын алдын алганын билдирди.
Өкмөт башчы Армениянын Тергөө комитетинин “Ыйык күрөш” кыймылынын катышуучулары жана лидерлери Арменияда террордук актыларды жасоону жана бийликти басып алууну пландаган деген билдирүүсүнө комментарий берди.
«Укук коргоо органдарынын кызматкерлери криминалдык олигархиялык диниятчылардын Армения Республикасын туруксуздаштыруу жана бийликти басып алуу боюнча ири жана тымызын планына бөгөт коюшту», — деп жазды Пашинян Фейсбукта.
Буга чейин Армениянын Тергөө комитети билдирүү таратып, анда “Ыйык күрөш” кыймылынын катышуучулары жана лидерлери Арменияда террордук актыларды жана бийликти басып алууга багытталган аракеттерди жасоону пландаганын билдирген.
