Четверг, 2 июля

Ысык-Көлдө шайлоо форуму өтүүдө

0

Бүгүн Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында “Шайлоого катышуунун заманбап ыкмалары: теориядан практикага чейин” аталышындагы Ысык-Көл шайлоо форуму өз ишин баштады.

Форумга Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев, Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве, ошондой эле чет өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын жетекчилери, эл аралык уюмдардын, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана шайлоо укугу жаатындагы эксперттер катышууда.

Форумдун жүрүшүндө “Эл аралык шайлоо тажрыйбаларын улуттук контексте адаптациялоо” жана “Шайлоо уюштуруучуларын окутуунун мыкты методикалары” темаларындагы сессиялар өтөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз