Четверг, 2 июля

«Такыр-Төрдүн» жарылышынан улам миңге жакын адам эвакуацияланды

0

Ысык-Атада «Такыр-Төр» көлү жарылгангандыгына байланыштуу 950 адам эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, саат 19:40ка карата эвакуацияланган адамдардын саны:

— Алмалуу айылынан 420 адам;

— Төмөнкү-Серафимовка айылындагы карылар үйүнөн 290 адам;

— Кебек-Бий (Тоолуу-Серафимовка айылы) айылынан 240 адам.

Жалпысынан эвакуацияланган 950 адам Нооруз айылындагы убактылуу жайларга (мектеп, мечит) жайгаштырылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз