Израилдин Газа тилкесине жасаган кол салууларынан кеминде 49 палестиналык каза болду.
Оорукана булактарынын жана күбөлөрдүн айтымында, Газа шаарынын чыгышындагы Туффах аймагындагы Шабан ал-Рис мектебинин жанында учкучсуз учуучу аппараттын кол салуусунан 10 киши каза болуп, көп сандаган киши жараланды.
Израилдин деңиз күчтөрүнүн Газанын батышындагы Шати качкындар лагеринин жээгинде аткылоосунан дагы бир балыкчы каза болуп, бир палестиналык жараат алды.
Израилдин Нетзарим коридоруна жакын жерде Израил жана АКШ тарабынан башкарылган гуманитардык жардам борборлору деп аталган борборлордо күтүп турган палестиналыктарга жасаган кол салуусунда 1 киши каза болуп, 43 киши жараланды.
Газанын түштүгүндөгү Хан Юнус шаарына жакын жердеги аль-Маваси аймагында жер которгон палестиналыктардын чатырларына учкучсуз учак менен жасалган кол салууда үч киши, ошол эле аймактагы эки жардыруудан дагы үч киши, шейх Насир аймагына артиллериялык кол салууда бир киши каза болду.
Израилдин аба күчтөрүнүн Газанын борборундагы Бурейж качкындар лагеринде жана түштүк анклавдагы Хан Юнустагы жайкын тургундарга жасаган чабуулунан тогуз палестиналык набыт болуп, көптөрү жарадар болду.
