Жыл башынан бери өлкөдө кибер кылмыштуулук боюнча 550дөй кылмыш катталып, адамдар 15-20 млн сом алдатышты. Бул тууралуу ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам өкүлү Нурсултан Ормонбеков радиолордун бирине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу өсүүдө. Учурда кылмыштардын 50 пайызга жакыны ачылды.
“Шылуундар көбүнчө улуу муундагыларды алдап жатышат. Жыл өткөн сайын кылмыштардын жаңы түрлөрү да пайда болуп жатат. Соңку кездери социалдык тармактарда белгилүү инсандардын атын жамынып жөнөкөй адамдарды көп алдап жатышат. Эң эле көп тарап жаткан адамчылык фактору бул укук коргоо органдарынын атын жамынып, жарандарга чалган учурлар. ИИМ, УКМК, Улуттук банктын кызматкерлерибиз деп чалып жаткан учурлар да абдан көп”,-деди ал.
Ормонбеков кошумчалагандай, шылуундардын көбү чет мамлекеттеги жарандар болгондуктан аларды аныктоо кыйын.
“Бул жаатта чет элдик кесиптештер менен иш алып барабыз. Россия, Беларусь, Казакстан өлкөлөрү менен кызматташып, алар менен бул тармакта тажрыйба алмашуу, окутуудан өтүү болуп турат. Жакында эле биргелешип чоң кылмыш тобун кармаганбыз”,-деди ал.
