Суббота, 18 апреля

Климат өзгөргөн сайын жай мезгили узарууда

0

Европа шаарларында ысык аба ырайы сакталып, температура 32 градустан ашты.

Еuronews маалымдагандай, мындай аба ырайы күздүн орто ченине чейин созулушу мүмкүн. Европа шаарларында аба ырайынын ысышы жайында гана эмес, жаз жана күздө да байкалууда.

«Климаттык туруктуулук бардыгы үчүн» уюмунун акыркы изилдөөсүндө 2019-жылдан 2023-жылга чейин дүйнөнүн 85 шаарына анализ жүргүзүлгөн. Анда биринчи жана акыркы күндөрдө абанын температурасы 32°C – босогодон ашса, ысык аптап ден соолукка жана айлана-чөйрөгө олуттуу коркунуч жаратары белгиленет.

85 шаардын ичинен тропикалык аймактагы 20 шаарда ысык күндөр жылдын ар кайсы мезгилинде байкалары айтылат. Ысык аба ырайы изилденген шаарлардын арасынан Афинада 32 градус Цельсиядан ашкан температура май айынын орто ченинен октябрдын башына дейре созулуп, 145 күндү түзгөн. Албаниянын борбору Тирана экинчи орунду ээлеп, «ысык сезон» 143 күнгө жеткен. Андан ары Лиссабон (136 күн) жана Мадрид (119 күн) турат.

Франциянын борбору Парижде ысык аптап үч айга – июндан сентябрга чейин, Мюнхен менен Варшавада 2 айга чейин созулат.

Изилдөө көрсөткөндөй, климаттын өзгөрүшү Жердин калкынын жарымы үчүн орточо эсеп менен 30 күндөй ысык аптаптуу күндөрдү кошту.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз